USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Боршайком мурда соттолгон талапкерлерди каттай элек

14:35, 14 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Боршайком мурда соттолгон талапкерлерди каттай элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 13 талапкер мурда соттолгон. Бирөө эки жолу жоопко тартылган. 

«Ооба, биздин мыйзамдар соттолгон адамга дагы президентикке ат салышууга жол ачат.  Башка өлкөлөрдө буга жол берилбейт экен. Биз азыр тийиштүү органдарга суроо узаттык, андан кийин каттоо маселеси чечилет», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Азырынча, Темир Сариев гана талапкер болуп катталган. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18