USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүйдө Челек-Төр дарыясы жээгинен ашып кетти

16:29, 11 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ

Чүйдө Челек-Төр дарыясы жээгинен ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматта, жамгырдын улам суунун деңгээли көтөрүлүп, Нооруз дарыясы менен кошулуп, бир үйдү каптап, бир нече электр түркүктөрүн кулаткандыгы айтылат.

ӨКМдин кызматкерлери дарыянын нугун көзөмөлгө алып турат. Кой-Таш, Маевка айылдары менен «Ысык-Ата» курортуна кеткен жол убактылуу жабылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18