USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Исхак Масалиев кыргыз тилинен сынактан 82,25 балл алды

11:35, 10 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Президенттикке талапкер Исхак Масалиев кыргыз тилинен сынактан 82,25 балл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы маалымдайт.

Бүгүн тестти Кыргызстандын коммунисттеринин лидеринен сырткары, ардагерлер Калмамат Мактымбаев жана Казымбек Шайымбетов, парламенттин мурдакы депутаты Арслан Малиев тапшырат.

Сынак жалпысынан 2 саатка созулуп, жыйынтыгында алган баллына жараша күбөлүк ыйгарылат.

Тесттен кулагандар президенттик шайлоого талапкер болуп каттала алышпайт.

Сынак тапшыргандардын ичинен Адахан Мадумаров эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, балл жагынан эң алдыда (96,77).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18