USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шайлоодо акчаны эң көп Өмүрбек Бабанов коротуп жатат

13:14, 02 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Шайлоодо акчаны эң көп Өмүрбек Бабанов коротуп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт.

Өмүрбек Бабановдун шайлоо фондуна 32 миллион сом түшүп, анын 20,7 миллион сому сарпталды.

Сооронбай Жээнбеков 3 миллион сом менен шайлоо фондун ачып, анын 398 миң сомун чыгымдаган. Темир Сариев 5,5 миллион сомдун 3,7 миллионун алды.

Эскерте кетсек, президенттикке ал сатышууга 59 жаран арыз берген. Үгүт иштери 10-сентябрда башталат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18