USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дагы бир талапкер президентикке мыйзамсыз көрсөтүлгөндүгү айтылууда

14:03, 01 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ

«Канатбек Исаев талапкер катары атаандаштарына кызыктуу эмес», — деди «Кыргызстан» саясый партиясынын мүчөсү Канатбек Тургунбеков бүгүнкү маалымат жыйында.

Канатбек Тургунбеков журналисттер менен анын партиядан чыгарылышына байланыштуу жолукту. Анын айтымында, саясый уюмдан ал мыйзамсыз чыгарылган.

«Жеке Канатбек Исаевдин калоосу менен эле мени партиядан чыгарышты. Мен аны кеч билдим. Менин ар -намысыма шек келтирилди. Андыктан мен саясый кеңештин жана партиянын Исаев президентикке көрсөтүлгөн курултайы мыйзамсыз экендигин далилдейм», — деди Канатбек Тургунбеков.

Ал 2015-жылкы парламентке шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын штабын жетектеген.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18