USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйын өткөрөт

10:10, 27 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, парламент жаңы премьер-министрди дайындап, өкмөттүн курамын бекитет.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйында сентябрга чейин жаңы өкмөттүн курамы бекитилерин айткан.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу БШКга талапкер кылып каттагандан кийин кызматын тапшырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18