USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«РусГидро» Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө жооп берди

17:32, 26 июля 2017, Бишкек - 24.kg

«РусГидро» ишканасы Алмазбек Атамбаевдин сынына жооп берип, өлкө жетекчилигинин сөзүн четке какты. Бул тууралуу ишкана атайын билдирүү таркатты.

Анда «РусГидро» эч качан келишимди бузуу сунушун көтөрбөгөндүгү айтылат.

«Андыктан биздин кыргызстандык өнөктөштөрдүн «РусГидро» өз милдеттерин аткарбагандыгы тууралуу билдирүүсү калп» — дейт компания.

«РусГидро» келишимди Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарганын маалымдайт.

«Биз долбоорго жумшаган каражаттар толугу менен кайтарылышы керек. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч бир жыйынтык чыккан жок. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акчаны кайтаруунун жолдорун

талкулоого даярбыз» — дейт ишкана.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан «РусГидро"ишканасына Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоорундагы үлүшү үчүн 37 миллион доллар карыз экендигин билдирген.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18