USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мамлекеттик тилден сынакты биринчи болуп Өмүрбек Текебаев тапшырат

09:48, 25 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Президентикке ат салышкандардын ичинен Өмүрбек Текебаев биринчилерден болуп мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан «24.kg» агентигине маалымдашты. 

БШК кыргыз тилинен сынакты эртең баштайт. Тизме түзүлүп, «Ата-Мекен» партиясынын лидери сап башында. Бирок, азырынча анын кайсы жерде жана кантип тапшырары белгисиз. 

«БШК баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүшү керек. Бирок, комиссия киши абакта жатса дагы сынакты милдеттүү түрдө тапшырышы керек деп жатат», — деп билдирди «Ата Мекен» партиясынын юристти Канатбек Азиз.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жемкорлук беренеси менен айыпталып, учурда УКМКнын абагында. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18