USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүй жана Бишкек шаарынын өспүрүмдөрү үчүн Ысык-Көлдө эмгек лагери уюштурулат

16:29, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Чүй жана Бишкек шаарынын өспүрүмдөрү үчүн Ысык-Көлдө эмгек лагери уюштурулат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жаштар эмгек биржасынын директору Азис Идрисов билдирди.

Анын айтымында, азыр даярдык иштери жүрүп жатат. 14 -18 курактагы өспүрүмдөр бактарда иштеп, өрүк, алма теришет. Жалпысынан 30 кишиден үч отряд түзүлөт. 

«Биз ал жакка бизге жумуш издеп кайрылган балдарды жөнөтөбүз.  Айлык акы ишине жараша болот. БИзге бирок иштен дагы, тарбиялык мааниси жогору. Балдар маданий иш чарларга катышып, кызыктуу кишилер менен жолугушат», — деди Азис Идрисов.

Алар атайын лагерлерге жайгаштырылып, эки жума бою көл жээгинде болушат. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18