USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты дагы президентикке ат салышат

14:35, 11 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Улукбек Кочкоров дагы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Андан тышкары Куттубек Бешбаков, Максат Жумабеков жана Игорь Трофимов дагы шайлого катышмакчы. 

Эскерте кетсек, Куттубек Бешбаков жарандык аялы менен бирге алдамчылыкка айыпталышкан. Аларга каршы кылмыш иши козголгон.  Бейөкмөтчү Игорь Трофимовго дагы «улуттар аралык кастыкты козгогон» айыбы менен иш козголгон.   

Ал эми Максат Жумабеков убактылуу жумушсуз экен. 

Буга чейин шайлоого катышуу үчүн 18 жаран БШКга документтерин тапшырган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18