USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту өтүп жатат

12:08, 10 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Наргиза ТОКОЕВА

Бишкекте Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту өтүп жатат. Сот айып тагылып жаткан Айдынбек Шамшидин уулун үй камагына бошотуудан баш тартты.

Эскерте кетсек, өткөн жумада жактоочу Айдынбек Шамшидин уулунун атасын ооруп жаткандыктан аны үй камагына чыгарууну суранган. 

Айдынбек Шамшидин уулунун Садыр Жапаровдун колдоочусу эместигин, 25-матта УКМКнын алдындагы митингке кокус келип калганын билдирди. 

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингде 12 адам кармалган. Аларга тентектик, бийликке каршы чыгуу, бирөөнүн мүлкүн атайын жок кылуу айыбы тагылган. 

 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18