USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ананьеводо жабыр тарткандар жана набыт болгондор жардам алышты

14:26, 03 июля 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу жайдагы жарылууда жабыр тарткандарга жана набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилди. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта каза тапкан жарандын үй-бүлөсүнө эч бир көңүл бөлүнбөгөндүгү тууралуу маалымат пайда болгон. 

«Ошол күнү эле акча бөлүү чечими кабыл алынган. Көп өтпөй баардыгы акчаны колуна алышкан», — дешти.

Эскерте кетсек, 19 - июнь күнү Ананьево айылында газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, үч киши каза тапкан. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18