USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда бир жылда 3 жарым миң адам рактан көз жумат

16:06, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Наргиза ТОКОЕВА

Кыргызстанда бир жылда 3 жарым миң адам рактан көз жумат. Бул тууралуу «Эргене» коомдук бирикмесинин жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова билдирди.

Анын айтымында, рак илдетине чалдыккандардын жанды кейиткен ооруусуна карабай даарыгерлер морфинди айрымдарына гана сунушташат.

«Себеби даарыгерлер бейтап баңги затка көнүп калат деп коркот. Андан дагы совет мезгилинен бери бул дарыны сактоо жана берүүгө карата катуу талап бар» -деди ал.

Таалайгүл Сабырбекова дарыны бейтаптарга жеткиликтүү кылуу жолдорун иштеп чыгууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга бир жылда 15-18 килограмм морфин керек. Анын 2,5 килограммын гана иштетилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18