USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Беш ай ичинде мигранттардан акча которуулар 39,5 пайызга өскөн

12:44, 28 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Беш ай ичинде(январь-май) мигранттар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,5 пайызга (695 миллион доллар) көп акча жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, валюталык рынокто туруктуулук байкалат. Андыктан банк интервенцияны азырынча токтотту. Жыл башынан бери сом долларга карата 0,9 пайызга өскөн.

«Доллардын наркынын өсүшү мунай затка баа өзгөрүп, Россиянын валютасынын бир аз кунун учурушуна байланыштуу. Улуттук банк өтө зарыл болгон учурда гана рыноктогу кырдаалга аралашат», — деди Толкунбек Абдыгулов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18