USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өлкөнүн жолдорунун дагы паспорту пайда болот

16:43, 22 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ

Өлкөнүн жолдорунун дагы паспорту пайда болот. Бул тууралуу маалымат жыйында транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, паспорт ыйгаруу программасы ички жолдорго кеткен каражатты сарамжалдуу пайдаланууга, жолдордун абалын көзөмөлгө алып, канчалык сапаттуу курулгандыгын байкоого шарт түзөт.

«Паспорттон биз жолду ким, качан, канча убакытта, канча каражатка курганын билебиз. Эгер кемчиликтерин тапсак, оңдоосун талап кыла алабыз», — дейт министр.

Министрдин билдирүүсүндө, эки айдан кийин Кыргызстанга Россиядан атайын лаборатория алынып келет. Ал жолдордун сапатын аныктайт.

Паспортту биринчилерден болуп Талас облусундагы жолдор алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18