USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбекстан гидроэнергетикалык кубаттуулугун күчөтөт

08:38, 21 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Өзбекстан гидроэнергетикалык кубаттуулугун күчөтөт. Бул боюнча centralasian.org билдирет.

Маалыматка караганда, өлкө гидроэнергетиканын өнүгүшү үчүн 4,3 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Июндун башында Мирзиёев гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча токтомго кол койгон. Бул программага ылайык, Өзбекстан 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС курууга жана гидроэлектр станцияларын жаңылоо боюнча 14 долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Алардын жалпы суммасы 2,65 миллиард долларга тете.

Майда Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна барып, ал жакта 15 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруларын айткан.

Мамлекеттик программага ылайык, гидроэнергетикалык долбоорлор бүткөндө энергобаланстагы гидроэнергетиканын үлүшү 15,8 пайызды (учурда 12,7 пайыз) түзөт.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Тажикстандагы Рогун ГЭСинин, Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна каршы чыккан. Шавкат Мирзиёев азырынча бул долбоорлор тууралуу көз карашын билдире элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18