USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кенди сынаксыз эле колдонууга берүү сунушталып жатат

10:35, 20 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Кенди сынаксыз эле колдонууга берүү сунушталып жатат. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев көтөрүп, кен байлыктар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү иштеп чыкты.

Эгер анын сунушу кабыл алынса, өкмөт парламенттин макулдугу менен эч бир сынак, аукцион өткөрбөй эле кен иштетүүгө уруксат бере алат.

Кенди колдонууга берилген мөөнөт дагы өзгөрөт. Геологиялык издөө иштерине лизенцияны узартуу укугу менен 5 жыл, чалгындоого берилген лизенция узартылбайт. Ага жалпысынан 7 жыл бөлүнөт. Кенди казып алууга 20 жылга уруксат берилип, лизенция андан ары узартылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18