USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

БШКнын кол топтоо талабы мыйзамга каршы келери айтылууда

12:08, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Ата Мекен» партиясынын юристтери Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлерден 30 миң кол топтоо талабын мыйзамсыз деп билдиришти.

Партиянын юристти Канатбек Азиздин айтымында, »Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамдын 53-беренесинде талапкерлерди каттоо үчүн керектүү иш кагаздары жазылган.

Эскерте кетсек, бүгүн парламентте бир нече депутаттар дагы кол топтоо талабына нараазычылык билдирип, БШКнын төрайымынын түшүндүрүүсүн талап кылышты.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, талапкерлер шайлоого 50 күн калганча, же 26 -августка чейин 30 миң кол топтоп тапшырышы керек. Тизмени БШК 5-сентябрга чейин текшерип бүтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18