USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргыз жараны жасалма кагаздар менен чет өлкөгө жумушка чыгып кетмей болгон

11:52, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия МОКРЕНКО

Кыргыз жараны жасалма иш кагаздары менен чет өлкөгө жумушка чыгып кетмей болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлайт.

ИИМдин маалыматында, Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин бирине виза даярдоо үчүн жасалма иш кагаздары тапшырылган. Юстиция министрлигинин соттук экспертиза борбору Туризм академиясынын диплому жана соттолбогондугу тууралуу маалымдама жасалма экендигин ырастады.

30 жаштагы шектүү кармалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18