USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Аксынын Терметаш айылын суу каптоо коркунучу бар

11:10, 15 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Каражыгач айыл өкмөтүнө караштуу Терметаш айылын суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу айыл тургундары маалымдап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам сурап кайрылышкан.

Айылдагы Авлетим суусунун денгээли көтөрүлүп, 400го жакын үй-турак жайга коркунуч жаратууда.

ӨКМдин Жалал-абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекиловдун айтымында, ал ахыбал менен тааныш. Азырынча анчейин коркунуч жок.

«Суу 2–3 үйдүн чарбагына жетип калды. Аксы району боюнча баардык айылдарда жээкти бекемдөө иши жүрүүдө. Бул айылда дагы аракеттер көрүлөт» — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18