USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Базар-Коргондо 46 жаштагы аял сууга агып кетти

17:27, 14 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 46 жаштагы аял аттан кулап, сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Мекеменин маалыматында, аял Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну. Ал кечээ Жинди-Суу жана Күрөбөз суусу бириккен жерде суудан өтүп баратып, аттан кулаган.

Издөө иштерине куткаруучулар менен бирге, Кызыл-Үңкүр айыл аймагынан 10 ыктыярчы тартылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18