USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Караколдогу мушташтан кийин спорттук мектептин директору жумуштан алынды

14:55, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Караколдогу мушташтан кийин спорттук мектептин директору Алим Мадылбеков жумуштан айдалды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине облустук администрациядан билдиришти.

Алар мушташка облустук олимпиалык резерв мектебинин тарбиялануучулары катышканын ырасташты. «Мушташты Максат Касенов, Эрнис Түлөберди уулу жана Аспек Өмүрбеков баштаган. Ал үчөө өз ара мамилесин такташкан. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, чатак басылды», — дейт.

Айрым маалыматтар боюнча, «Уулу Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, шаардык кеңешке ат салышкан талапкер Максат Касенов жана дагы бирөө кармалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18