USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Парламент депутаттарын өлкөдөгү жолдордун абалы канааттандырбайт

11:53, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Парламент депутаттарын өлкөдөгү жолдордун абалы канааттандырбайт. Алар нараазычылыгын бүгүнкү отурумда Транспорт жана жол министрлигине жолдошту.

Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Бишкек — Ош жолу, айрыкча Суусамыр өрөөнүндөгү бөлүгүндө машина жүрө албайт.

«Бир күндө бул жолдон 30 миң киши өтөт. Транспорт министрлиги уктап жатабы? Алар Кытайдын, же Өзбекстандын жарандары эмес, биздин жарандар», — деди ал.

Аны Урматбек Самаев дагы колдоого алып, СССРдин мезгилинде курулган жолдор бүгүн да сынын жоготпой тургандыгын айтты.

«Жаңы жолдор тез эле бузулуп калат. Чуңкурларды бүтөө иштерин айлап созбой тезирээк жасаш керек», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18