USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Текебаевдин тарапташтары көзүн таңып сот алдында пикет өткөрүүдө

10:39, 08 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Биринчи май райондук сотунун алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары көзүн ак кездеме менен байлап пикет өткөрүшүүдө. Алар бул кадамы менен сот Айбек Эрнис уулунун видео-фотого тартууга тыюу салган чечимине каршылык билдиришет.

Эскерте кетсек, бүгүн Биринчи май районунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдакы министр Дүйшөн Чотоновдун соту өтүп жатат. Айыпталуучулардын жактоочуларынын өтүнүчүнө карабай, сот Айбек Эрнис уулу фото жана видеого тартууга тыюу салды.

Жактоочулардын талабы менен сот залындагы видеокамера дагы алынып салына турган болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18