USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Менчик медиициналык борбордо иштөөгө уруксат алуу жолу жеңилдетилди

10:01, 05 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Менчик медиициналык борбордо иштөөгө уруксат алуу жолу жеңилдетилди. Бул тууралуу өкмөттүн токтому күчүнө кирди.

Эми лизенция алуу үчүн мурдакыдай мамлекеттик медицина мекемелеринде 5 жыл иштөө талап кылынбайт. Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү дароо эле менчик оорууканаларга ишке орношо алат.

«Бул адистерди Кыргызстанда кармап калууга жол ачат. Алардын иш менен камсыз болуусуна шарт түзөт», — деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ошол эле мезгилде менчик клиникалардын саны көбөйүп, бирок, айрымдары лизенциясын иштеп, сапатсыз кызмат көрсөтүп жаткандары дагы бар экенин белгилейт.

Министрликтин лизенцияларды текшерүүү мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын маалымдайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18