USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Лондондогу теракта кыргызстандыктар жабыр тарткан жок

09:55, 05 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Анара МАМЫТОВА

Лондондогу теракта каза болгон жана жараткан алгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматта, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен иштешип жаткандыгы, кандайдыр бир маалымат болуп калса учурунда кабарланары айтылат.

Эскерте кетсек, 3-июнда Лондон көпүрөсүнүн жанындагы кичи автобус элдерди сүзгөн. Андан кийин «Боро» базарына жетишип, ал жердеги адамдарга бычак шилтешкен. Жети киши каза болуп, 48 адам ар кандай жаракат алышты. Лондон полициясы терактка шектүү 12 адамды кармады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18