USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мамлекеттик басмакана ачуу сунушталууда

11:05, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Анара МАМЫТОВА

Мамлекеттик басмакана ачуу сунушталууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында талкууланып жатат.

Демилгени Юстиция министрлиги көтөргөн. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун айтымында, мындай ишкананы ачуу үчүн көп каражат керек.

«Азыркы бюжеттеги тартыштык менен биз андай чыгымга бара албайбыз» — деди Болсунбек Казаков.

Анын маалыматында, «Учкун» басмаканасынын 77,36 пайызы, «Континент принттин» 65 пайызы мамлекетке тийиштүү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18