USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жөнөкөй жарандар кирешесинин 6 пайызын электр жарыгына төлөйт

11:03, 02 июня 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Электр жарыгынын жеңилдиктеринен ири кардарлар гана колдонот. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн экономисти Бакыт Дубашов билдирди.

Анын айтымында, жөнөкөй жарандар кирешесинин 6 пайызын электр жарыгына төлөйт.

Экономисттин пикиринде, электр жарыгынын наркы калыс эмес. Жеңилдиктерди көбүнчө ири кардарлар-булар ишканалар жана коммерциялык түзүмдөр, гана колдонушат. Анткени, жогорку баа менен акы төлөй алгандарга гана жеңилдик берилет.

»Байлар эки жарым эсе көп жардам алышат. Карапайым калк эч бир жардамды колдонбойт. Тарифтик реформа керек», — деди Бакыт Дубашов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18