USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Россияда Азиз Батукаевдин эжеси 17 жылга эркинен ажыратылды

09:32, 31 мая 2017, Бишкек - 24.kg

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин эжеси Яханы жана анын шериги Кабылжан Абдурахмановду Россиянын Челябинск облусунун соту 17 жылга эркинен ажыратты. Алар Южноуральск шаарында 28 килограмм героин менен кармалышкан. Бул тууралуу ТАСС маалымдайт.

Маалыматта экөө тең Кыргызстандын жараны экендиги айтылат. Яха Батукаева менен Кабылжан Абдурахмановго 500 миң рублдан айып да салынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18