USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ленинград облусунун Сертолов шаарында кыргызстандык асынып өлдү

12:55, 29 мая 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия МОКРЕНКО

Ленинград облусунун Сертолов шаарында кыргызстандык асынып өлдү. Бул тууралуу Россиянын ЖМКсы маалымдайт.

Алардын айтымында, 26-майда полицияга кабар түшкөн. Шаардагы чакан токойдо ити менен сейилдеп жүргөн киши мойнуна жип менен, дем албай жаткан киши табышкан. Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык асынып өлгөн.

Ал 52 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты. Чөнтөгүнөн: «Менин өлүмүмө дөңгөлөк оңдогон жайдын унаа жууган бөлүмүндө иштеген Хасан, Рустам, Мухтар күнөөлүү. Мындан ары чыдай албайм» — деп жазылган кагаз табылды.

Текшерүү жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18