USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көлдүн жээгин таштандынан тазалоо акциясы өтөт

14:48, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg
Наргиза ТОКОЕВА

Көлдүн жээгин таштандынан тазалоо акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Таза Ысык-Көл» коомдук фондунун негиздөөчүсү Дмитрий Андреев маалымдады.

Анын маалыматында, акция 27–28 — майда 20 айыл жана Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларын камтыйт. Көл жээгин тазалоого Бишкектен 500дөй ыктыярчы барат.

«Биз таштандыларды бөлүп, иргеп тазалайбыз. Кайра иштетүүгө жарай турган калдыктарды Бишкеке алып келебиз. Таштандыларды алып чыгууга жергиликтүү кызматтар жардам берет» — деп билдирди Дмитрий Андреев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18