USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Дыйкан» базарынын сатуучуларын таң атпай милиция кууп чыкты

10:44, 24 мая 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

«Дыйкан» базарынын сатуучуларын таң атпай милиция кууп чыкты. Бул тууралуу«24.kg» МАсына агентигине базардын кесиптик кошунун төрайымы Роза Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, түнкү саат үчтө Ленин райондун администрациясынын өкүлү милициянын жана ОМОНдун курчоосунда келип, сатуучуларды кууп башташкан.

«Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын ойготуп, «Сары-Өзөн» базарына баргыла деп жатты. Ал менчик базар экен. Биз менчик базарда иштегибиз келбейт» — дейт Роза Ибраимова.

Эскерте кетсек, 14-октябрда шаардык мэрия жарандардын коопсуздугу үчүн «Дыйкан-Пишпек» базары жабыларын маалымдаган. Аталган базар 2008-жылы ачылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18