USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Компания курчап турган чөйрөнү булгаганы үчүн 132 миллион сом төлөп берди

15:13, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда компаниядан курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн 132 миллион сомдон ашык карыз өндүрүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «А.О.» ЖЧКсы 2021-жылдан 2023-жылга чейин кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды ыргытканы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 миллион 148 миң 843 сом түшпөй калганы кабарланды. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин компания карызды толугу менен төлөп берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18