USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда 4—5-октябрда катуу жамгыр, кар жаап, аба ырайы кескин сууктайт

13:07, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 4-октябрда түштөн кийин жана 5-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» кызматы билдирди.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат, ал эми бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым жерлерде 15–20 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19–24 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +3...+8°, күндүз +9...+14°;

Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +1...+6°, күндүз +9...+14°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө: түнкүсүн +5...+10°, күндүз +16...+21°;

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн +1...+6°, күндүз +11...+16°;

Тоолуу райондордо: түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз +1...+6° жылуу;

Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн −5...-10° суук, күндүз −1° сууктан +4° жылуулукка чейин болот.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал багууну татаалдаштырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18