Азия оюндары-2026: Эмирхан Жолдошказиев коло медаль үчүн беттешет
Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык спортсмен Эмирхан Жолдошказиев 100 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, алгачкы беттешинде Тайбэйдин өкүлүн жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.
Чейрек финалда япониялык Хуйога Отага 1:0 эсебинде жеңилип калды.
Көңүл жубатуучу беттеште Кытайдын өкүлү Ли Хайвэньди 2 мүнөттө 1:0 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын коло медалы үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.


