Токмокто айдоочу жол жээгиндеги эки аялды сүзүп, алар каза болду
Токмок шаарында автоунаанын айдоочусу жол жээгинде турган эки аялды сүзүп кетти. Эки жабырлануучу тең окуя болгон жерде каза болушкан.
ЖМКлардын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, жол кырсыгы 1-октябрда болжол менен саат 22:24тө Жантаев көчөсүндөгү май куюучу жайдын жанында орун алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаанын 2007-жылы туулган айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жаткан. Каза болгон аялдар 1960 жана 1967-жылы туулган жарандар болушкан.

