USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары 2026: Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров финалга чыкты

11:15, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 90 кг чейинки салмак категориясында алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону иппон ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда БАЭнин өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда утуп, жарым финалга өткөн.

Кыргызстандын дзюдочусу Эрлан Шеров финалга чыкты

Жарым финалда өзбекстандык Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Шеров финалда Япониянын өкүлү Рику Окада менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 14:00дө башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18