USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Опузалап акча талап кылуу: Баткен электр тармактар ишканасынын башчысы кармалды

10:34, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен электр тармактар ишканасынын директору 3 миң доллар өлчөмүндө пара опузалоого шектелип кармалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ишканалардын биринде жогорку чыңалуудагы чубалгыга байланыштуу четтетилбеген мыйзам бузуулардан улам электр энергиясы өчүрүлгөн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 22-сентябрда электр тармактар ишканасынын директору компаниянын жетекчисинен электр энергиясын кайра берүү жана мыйзам бузууларды четтетүүгө убакыт бөлүү үчүн 3 миң доллар талап кылган. 27-сентябрдагы жолугушууда арыздануучу талап кылынган сумманы бере албастыгын билдирген. Ошондо ага акчаны Кадамжай райондук электр тармактар ишканасынын начальнигине өткөрүп берүү керектиги айтылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара опузалоо») боюнча кылмыш иши козголду. 1975-жылы туулган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18