USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкектин 2027-жылга карата бюджетинин долбоору шаардык кеңешке киргизилди

10:16, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

 

«Бишкек шаарынын 2027-2028—2029-жылдардын пландаштырылган мезгилине карата бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө» токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.

Борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин негизи катары Кыргыз Республикасынын 2027—2031-жылдарга өнүгүүсүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн күтүлүп жаткан болжолдору алынды.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү, билим берүү мекемелеринин эмгек акы фонду боюнча чыгымдарды жабууга багытталган республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди эске алуу менен, 41 миллиард 145 миллион 465 миң сом суммасында болжолдонгон.

Салыктык кирешелер боюнча болжол 31,1 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер боюнча 3,1 миллиард сомду түзөт.

2027-жылга карата бюджеттин долбоору жалпысынан 41 миллиард 145 миллион 465 миң сом суммасындагы чыгымдарды караштырат, анын ичинде 1 миллиард 61,7 миллион сому — атайын каражаттар боюнча чыгымдар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18