USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Америкалык ырчы Redfoo «Бишкек Аренанын» ачылышында ырдайт

09:29, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

LMFAO тобунан Redfoo жана Party Rock Crew борбор калаада «Бишкек Аренанын» ачылышынын алкагында 5-октябрда өтө турган B.A. DAY фестивалынын хедлайнерлери болушат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары социалдык тармактарда билдиришти.

Келген коноктор LMFAO тобунун дүйнөлүк хиттерин угуп, Party Rock стилиндеги шоуну көрө алышат. Эске салсак, 5-октябрда аренанын расмий ачылышынын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү артисттердин катышуусунда B.A. DAY фестивалы өтөт.

Муну менен катар, иш-чара өтө турган күнү Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле билим берүү уюмдары онлайн форматта иштешет. Иш-чаранын көрүүчүлөрү үчүн борбордогу 10 жерден акысыз автобустар айдалат. Алар жүргүнчүлөрдү саат 15.00дөн 18.00гө чейин стадионго жеткирип турат. Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткиришет.

1

Маалымат үчүн

Redfoo — америкалык ырчы, рэпер, диджей жана продюсер. Ал «Party Rock Anthem», «Sexy and I Know It» жана «Sorry for Party Rocking» сыяктуу дүйнөлүк хиттерди жараткан LMFAO дуэтинин катышуучусу катары белгилүү.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18