Байге фонду 1 миллион сом: Оштогу республикалык айтыштын тандоо туру аяктады
Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Эл баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тандоо туруна төкмөлүк өнөргө кызыккан таланттуу акындар катышып, алардын төкмөлүк кудурети, сөз байлыгы, теманы ачып берүү чеберчилиги, чечендиги, ырдын көркөмдүгү, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты калыстар тобу тарабынан бааланды.

Тандоо турунун жыйынтыгында кийинки баскычка төмөнкү акындар жолдомо алышты:
1. Асылбек Маратов
2. Темирбек Матыбаев
3. Чыңгызхан Кожошев
4. Болот Назаров
5. Аккыз Абазбекова
6. Жамайка Токонова
7. Мундузбек Борончиев
8. Жылдызбек Төрөканов
Республикалык айтыш кыргыздын төкмө акындык өнөрүн даңазалоого, жаш таланттарды колдоого жана улуттук маданий мурастарды кийинки муунга жеткирүүгө багытталган. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Эске салсак, финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.