Азия оюндары −2026: Бүгүн килемге чыга турган кыргызстандык балбандар. Тизме
Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Жайкы Азия оюндарында 2-октябрда эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот. Бүгүн Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде эркин күрөштөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.
Бүгүнкү килемге чыга турган кыргызстандык балбандардын тизмеси:
Эрназар Акматалиев — Эркин күрөш, 65 кг
Малик Шаваев — Эркин күрөш, 86 кг
Арсланбек Турдубеков — Эркин күрөш, 125 кг
Айпери Медет кызы — Кыз-келиндер күрөшү, 76 кг
Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча:
07:30 — Тандап алуу жана чейрек финалдык беттештер башталат.
15:00 — Финалдык бөлүк. Коло медаль жана алтын медаль үчүн күрөштөр башталат.