Эртең, 2-октябрда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7... +12, күндүз +20... +25;
Талас жергесинде түнкүсүн +5... +10, күндүз +18... +23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +20... +25;
Нарын аймагында түнкүсүн +3... +8, күндүз +15... +20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6... +11, күндүз +15... +20;
Бишкек шаарында түнкүсүн +10... +12, күндүз +22... +24 градус болот.