USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия оюндары-2026: Жоламан Шаршенбеков өлкөгө алгачкы алтынды алып келди

15:51, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утуп, эки жолку чемпион аталды.

Ал финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен күрөшүп, 7:5 эсебинде жеңди. Шаршенбеков буга чейин түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде, түштүк кореялык балбанды 9:0 менен жеңген. Ал эми финалга чыгыш үчун ирандыкты 10:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, XX жайкы Азиат оюндары Япониянын Нагоя шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүүдө. Кыргызстандын атынан спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу катышууда. Мелдешке жалпысынан 45 өлкөдөн жана региондон 11 миңге жакын атлет катышып, медалдардын 469 комплектиси ойнотулууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18