«Бишкек Аренанын» ачылышы: Мамлекеттик мекеме, мектептер онлайн форматка өтөт
5-октябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер жана ведомстволор, бюджеттик уюмдар, ошондой эле билим берүү мекемелери онлайн форматында иштешет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мындай чечим 5-октябрда өтө турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 65 миңге чейин көрүүчү катышары күтүлүүдө.

Шаардык бийлик өкүлдөрү бул күнү шаарда транспорттук жүктөм көбөйүп, тыгындар жаралышы мүмкүн экенин белгилешти. Мекемелерди онлайн форматына өткөрүү шаар боюнча жүрүүлөрдүн санын азайтууга жана үзгүлтүксүз иш менен окуу процессин камсыз кылууга багытталган.
Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык кабыл алынды.