Ашууларда кар жаашы күтүлүүдө: Айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алмаштыруу сунушталды
1-октябрдан 4-октябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми айрым ашууларда жолдор тайгак болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Чоң-Ашуу жана Көк-Арт ашуулары аркылуу жол тартууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алдын ала кышкыга алмаштыруу сунушталат.
Бул тилкелерде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле автомобилдин техникалык абалын текшерүүнү, ылдамдыкты азайтууну жана коопсуз аралыкты сактоону сунуштайт.
Аба ырайы кескин начарлаган учурда айдоочуларга зарылчылык болбосо алыскы сапарларга чыкпоо жана мүмкүнчүлүккө жараша аларды жылдыра туруу сунушталат.