USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучу АКШдагы эл аралык олимпиадада алтын утту

15:05, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Лев Толстой атындагы № 12 мектептин бешинчи классынын окуучусу Аиса Алтынбекова Лос-Анджелесте өткөн XCEL эл аралык олимпиадасында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз Кыргызстандын атынан ART чыгармачылык багытында «Адамзаттын жашоосундагы жасалма интеллект» деген эмгегин тартуулаган. Сынактын жыйынтыгы боюнча ал алтын медаль жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланды.

Олимпиадага ар кайсы өлкөлөрдөн 100дөн ашык бала катышкан.

XCEL International Olympiad — 3—12-класстардын окуучулары үчүн эл аралык мелдеш. Ал төрт багыт боюнча өткөрүлөт: математика, когнитивдик жөндөмдөр, робототехника жана искусство. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, олимпиада 25тен ашык өлкөнүн катышуучуларынын башын бириктирет

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18