Бишкекте баасы 182 миллион сомдон ашкан бала бакча мамлекетке кайтарылды
Бишкектин Октябрь районунда наркы 182 миллион сомдон ашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Текшерүүдө Карасаев (мурунку Дружба) көчөсүндө жайгашкан объект 1993-жылы мыйзам талаптарын буруу менен жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин бала бакча жана ага жанаша жайгашкан жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды. Объекттин баасы 182 миллион 624 миң сом деп бааланууда.