USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Сасык тумоого каршы эмдөөнү кимдер алышы керек?

12:05, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Сасык тумоого каршы эмдөө биринчи кезекте алты айдан ашкан балдарга, 60 жаштан ашкандарга, кош бойлууларга, өнөкөт оорусу бар бейтаптарга жана эл менен көп карым-катнашта болгон тармактардын кызматкерлерине керек. Бул тууралуу «Российская газетага» жалпы тажрыйба дарыгери, терапевт Елена Алексенцева билдирди.

Анын айтымында, эмдөө калган чоң кишилерге да пайдалуу, анткени ал жеке тобокелчиликти жана вирусту үйгө алып келүү ыктымалдуулугун азайтат.

Антителолордун коргоочу деңгээли орто эсеп менен эки-төрт жумада калыптанат, ошондуктан эмдөө алуу үчүн эң ылайыктуу убакыт сентябрь жана октябрь айларына туура келет. Дарыгер Россияда оорунун сезондук жогорулашы адатта ноябрь айынын аягынан декабрга чейин башталаарын, ал эми эпидемия күчөп турган маалда да эмдөө алуунун мааниси бар экенин, бирок ал алгачкы кооптуу жумаларда адамды коргоосуз калтырарын белгиледи.

Каршы көрсөтмөлөрдү эмдөө алдындагы кароодо дарыгер аныктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18