USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин «Дордой» конушунда мектептин курулушу аяктады

11:25, 01 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президентинин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын «Дордой» конушундагы № 94 орто мектебинин жанында 570 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Эки нөөмөттө окутууну эске алуу менен корпуста 1 миңден ашык окуучу билим ала алат.

Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 миң 810 чарчы метрди түзгөн заманбап үч кабаттуу окуу корпусу курулду. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Учурда мектептин курулушу аяктады. Ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы окуу корпусу «Дордой» конушунун билим берүү инфраструктурасына түшкөн жүктөмдү азайтууга жана окуучулар үчүн заманбап, ыңгайлуу окуу шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18